Haber

ПМИУ менен ОшМУ кызматташат

Россиянын Нижний Новгород шаарында жайгашкан 100 жылдык тарыхы бар Приволжск медициналык изилдөө университети менен Ош мамлекеттик университетинин ортосунда эки тараптуу кызматташуу түзүүгө карата видеоконференция болуп өттү.

Жыйынга ПМИУ тарабынан ректор Николай Николаевич Карякин, биринчи проректор Ирина Александровна Клеменова, окуу иштери боюнча проректор Елена Сергеевна Богомолова, илимий иштер боюнча проректор Анна Сергеевна Благонравова, эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы Тамара Рудольфовна Бардинская, ал эми ОшМУдан ректор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич баштаган бир топ жетекчилер, декандар катышып, эки тараптуу кызматташуунун маанилүү багыттарын талкуулашты.

Алгач Кудайберди Гапаралиевич кесиптештерине университет, анын тарыхы, багыттары, рейтинги, эл аралык байланыштары ж.б. туурасында кыскача маалымат берип, учурда ОшМУнун бир нече студенттери Россия Федерациясынын окуу жайларында окуп жаткандыгын, Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак жылына карата өнөктөш окуу жайлар менен көптөгөн иш-чаралар пландаштырылганын белгилеп, кызматташуу ниетин билдиргендиги үчүн ПМИУнун жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Эки тарап эки негизги маселени талкуулашты. Алар окуу жайлардын ортосунда эки тараптуу кызматташуу келишимине кол коюу жана студенттердин ортосунда академиялык мобилдүүлүк, практика өтөөнү уюштуруу, биргелешкен билим берүү программалары жана кош дипломдуулук программасын ишке ашыруу, он-лайн жана конок лекцияларды өткөрүп туруу, биргелешкен илимий иштерди жүргүзүү ж.б. конкреттүү пункттарды камтыган жол картасын түзүү болду.

Пикир алмашуунун жүрүшүндө ректорат өкүлдөрү студенттердин жана клиникалык ординатурада жүргөн медициналык кызматкерлердин ортосунда кыска жана узак мөөнөттүү тажрыйба алмашууларды жүргүзүү, модулдук жана циклдык окууларды уюштуруу, кош дипломдуулук программасын жана биргелешкен билим берүү проекттерин реализациялоодо дистанттык технологияны колдонуу, Россиянын фундаменталдык изилдөөлөрдү колдогон фонддору жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги колдогон долбоорлорго карата биргеликте заявкаларды тапшыруу, биомедицина, хирургия, гинекология, стоматология ж.б. багыттар боюнча илимий изилдөө иштерин жүргүзүү, ПМИУнун Web of science, Scopus базасына кирген илимий журналында макалаларды чыгаруу ж.б.у.с. актуалдуу иш-аракеттерди карап чыгышты. Мындан тышкары биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашырууда юридикалык жана финансылык бир топ маселелер бар экендигин, бирок аларды акырындык менен чечсе боло тургандыгын белгилешти.

Онлайн жолугушуунун соңунда жетекчилер уюшулган жыйын кызматташуунун башталышынын алгачкы кадамы болгондугун, мындан ары тийиштүү кызматкерлер бири-бири менен тыгыз байланышып, жол картада көрсөтүлгөн иш-чараларды деталдуу талкуулап, иш алып бара тургандыктарын билдиришти.

Жыйынды эл аралык байланыштар департаменти уюштуруп, ал директор Абдыганы Осмоновичтин модераторлугунун астында өттү.

1941 06:47 17-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|