Haber

Илим жумалыктары уланууда

Ош мамлекеттик университетинде “Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасы тарабынан онлайн видеоконференциялар уюштурулууда.

Онлайн видеоконференцияларга ОшМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору Т. Колдошов, Илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы Гулжамал Анарбаева, факультеттин жамааты, илим изилдөөчүлөр, студенттер ошондой эле өлкөбүздөгү жогорку окуу жайларынын филология багытындагы профессордук-окутуучулук жамаатты катышышты.

“Биздин кафедра үч этаптан турган иш пландын негизинде илим жумалыгын өткөрүүнү пландаштырганбыз. 1-этап кафедра мүчөлөрүнүн арасында өттү. Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу окутуу процесси дистанттык билим берүүгө өткөндүктөн, даярдаган баяндамаларыбызды иш тажрыйбаларыбыз менен бекемдөөнү колго алдык. Алгач университет тарабынан уюштурулган ”Он-лайн сабактарды уюштуруунун жолдору” деген темадагы ар түрдүү семинарларга активдүү катыштык. Семинар окуулардын натыйжасында ZOOM платформасы аркылуу онлайн байланышта сабак өтүүнүн жолдорун, ABN, KelBil тиркемелери аркылуу студенттерди окуу-усулдук материалдар менен камсыз кылууну, кайтарым байланышы түзүүдө Google Classruum жана Multiurok программалары аркылуу студенттердин өз алдынча иштерин, тесттин жоопторун алууну ишке ашырдык. Кафедранын социалдык тармактардагы баракчаларын ачтык.

https://www.facebook.com/groups/1487574318080431/?ref=bookmarks

https://www.youtube.com/channel/UCPuDElGTU4UZOaDBpfaj2vA

2-этапта кафедранын окутуучусу Бермет Закированын “Энелерден эстүү кеп” деген темада вебинарда коомдо эне тарбиялоо коомду тарбиялоо менен барабар экендигин, бала тарбиялоодогу эненин ролу жөнүндө коомдук уюмдардагы активдүү аялдардын башын бириктирген маанилүү иш-чара өткөрдү.

Ошондой эле илим жолундагы өмүрү өрнөк болгон окумуштуулардын бейнесин ачуу, иш-тажрыйбаларын өндүрүштө пайдалана билүү максатында он-лайн вебинарларды өткөрдүк. Үстүбүздөгү жылдын 8-майында илим жолунда филологиялык багыттагы өзүнүн чоң мектебин түзө алган, 22 илимдин кандидатын, 4 илимдин докторуна жетекчилик кылган, көптөгөн аспирант, магистранттардын насаатчысы ОшМУнун ардактуу профессору, ф.и.д., З.К. Зулпукаров менен “Илимге карай ийгиликтүү кадам” деген темада конок-лекциясын өткөрдүк. Талкуу учурунда устат менен шакирт маселеси, актуалдуу илимий темаларды, диссерациялык эмгектер тууралуу кеңири талкуу өткөрүлдү.

9-майда “Тил билги” жогорку автордук мектептин негиздөөчүсү, ф.и.д, профессор Б.Ү.Култаева менен “Сабаттуулукка саякат” деген темада конок-лекция уюштурдук. Мында вебинардын катышуучулары менен орфографиялык сабаттуулук жөнүндө, билим деңгээлди аныктоонун негизги критерийлери тууралуу кеңири талкуу жүргүздүк.

Ал эми 12-майда т.и.к, доцент А. Мурзакматов менен “Илим жолундагы саякат” деген темада он-лайн баарлашууну өткөрдүк. Илимий тема тандоо, жетекчи менен иш алып баруу, илимий макалалары аркылуу бир нече эл аралык проекттерге катышып, Япония, Монголия, Туркия, Кытай, Россия, Тажикстан жана Казакстан мамлекеттеринде баяндамаларын окуган, бир нече гранттардын ээси болууга жетишкен эмгек тажрыйбасы менен бөлүшкөн конок-баарлашуубуз ЖАМУ, КӨУ, БатМУнун филологиялык багыттагы профессордук-окутуучулар жамааты, аспиранттар, магистранттар, студенттер жана областтардагы окуу бирикмелеринин өкүлдөрү, республиканын булуң бурчундагы филолог мугалимдер жана коомдук жарандардын катышуусунда кызуу өттү. Вебинардын жүрүшү видео тасмага жазылып алынып, кафедрабыздын сайтына жүктөлдү. Вебинарларыбыздан алган таасирлер соцтармактарды кызуу талкууну жаратты. Жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырды.

3- этабында ОшМУнун 80 жылдыгына карата кафедранын окутуучулары тарабынан бир нече илимий макалалар жазылды. Макалалар кафедранын талкуусунан өткөрүлүп, илимий-конференцияларга материалдары чыга турган “ОшМУнун жарчысы” журналына басмага сунуш кылынды.

Иш чараларды уюштуруучулар: кафедранын илимий иштер боюнча жооптуу окутуучусу Гүлзина Акишева жана Бермет Закирова, Жыпаргүл Айтибаевалар болушту деген маалыматы менен Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин №2 факультеттер аралык кыргыз тили жана адабиятынын практикалык курсу кафедрасынын башчысы Гулжан Койчуманова.

1917 13:24 13-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|