Haber

МИТ факультети “Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигин багындырабыз” аттуу иш чара өткөрдү

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультети 11-майда “Дүйнөлүк билим берүү мейкиндигин багындырабыз” деген иш чара өткөрдү.

Иш чарада учурда Испаниянын Кадис, Россиянын Воронеж, Казакстандын ЕНУ университеттеринде мобилдүүлүк боюнча окуп жаткан МИТ факультетинин студенттер менен ютуб, фейсбук баракчаларынан түз эфир болуп, катышуучулардын көптөгөн суроолоруна жооптор алынды.

Андан сырткары эл аралык байланыштар бөлүмүнөн Семетей Амиралиев, Мээрим Маметова конок катары катышып,2020-2021-окуу жылы үчүн кайсы өлкөлөргө кабыл алуу башталганы жөнүндө маалымат беришти.

Иш чара проферантация багытында да болуп, көптөгөн окуучулардын суроолоруна кабыл алуу комиссиясынын төрагасынын орун басары Кумарбек Ромашов жооп берди.

1745 00:37 13-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|