Haber

Дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультети бүтүрүүчүлөр менен онлайн жолугушууларды уюштурду

Ош мамлекеттик университетинин дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультети 6-7-майда медицина факультетинин педиатрия, дарылоо иши, стоматология адистиктеринин бүтүрүүчү курстары менен онлайн жолугушуу уюштурду.

Жолугушууга факультеттин администрациясы жана тиешелүү ооруканалардын дарыгерлери, учурда эмгектенип жаткан ординаторлор катышышты. Ооруканалардын дарыгерлери бүтүрүүчүлөргө региондордогу бош орундар, ординатураны өтөө мүмкүнчүлүктөрү, талаптары боюнча маалымат беришсе, эмгектенип жаткан ординаторлор региондордогу ординаторлорго түзүлгөн шарттар, жергиликтүү бийлик тарабынан көрсөтүлүп жаткан колдоолор боюнча айтышты.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин деканы А. Момунова медицина факультетин аяктап жаткан ар бир бүтүрүүчүнү кызыктырган суроолорго жооп берди, ошондой эле ОшМУ тараптан келишимдик акыга берилүүчү жеңилдиктерге токтолду.

1639 09:59 09-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|