Haber

Тарбия департаменти “Академиялык чынчылдык: студенттерде бул маданиятты кантип калыптандырууга болот, эл аралык тажрыйбалар” деген темада вебинар уюштурду

“2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Тарбия департаменти тарабынан “Академиялык чынчылдык: студенттерде бул маданиятты кантип калыптандырууга болот, эл аралык тажрыйбалар” деген темада вебинар уюштурулду.

Вебинарда БАУнун иш берүүчүлөр менен иштөө, кооперативдик билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Мырза Каримов, SFCG Эл аралык уюмунун Борбордук Азия боюнча координатору Кеңешбек Сайназаров, тарых и. к., Кыргызстандын Томск шаары жана областы боюнча ардактуу консулу Рустам Абдуманапов, ТМФУнун доценти (Россия) Элзар Эшаров, Метрополь университетинин магистранты, Белгиялык Iguana компаниясынын кызматкери Канышай Шералиевалап спикерлик кылышты.

Казакстан, Россия, Чехия өлкөлөрүнүн университеттеринен, о.э. Кыргызстандык Нарын БАУ, БатМУ, ЖАМУ, КУУ өкүлдөр катышышты. 100 катышуучу катышкан бул тажрыйба алмашуу талаасында академиялык чынчылдык, бул маданиятты студенттерде калыптандыруунун маселелери боюнча окутуучулар ой бөлүшүштү, талкуу уюштурулду.

Сапаттуу билим берүү, мыкты адисти тарбиялоодо эске алынышы зарыл болгон омоктуу пикирлер, сунуштар айтылды.

Вебинардын толук видео материалын төмөнкү шилтемеден көрө аласыз:

https://www.youtube.com/watch?v=MqPR4WiEBVs&feature=youtu.be

1742 23:07 05-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|