Haber

"Азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана перспективалары"

Бүгүн Юридика факультетинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 27 жылдыгына карата "Азыркы учурдагы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын өнүгүүсү: көйгөйлөрү жана перспективалары" аттуу онлайн тегерек стол болуп өттү. Тегерек столго Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин доктору, баш мыйзамдын долбоорлорун иштеп чыгууда жумушчу топтун мүчөсү Арабаев Чолпонкул Исаевич, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Славян университетинин кафедра башчысы, юридика илимдеринин доктору Борубашев Бекбосун Ишенбекович, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин экс депутаты, юридика илимдеринин доктору Жумабекова Турдукан Абдыкарыевна, Ош мамлекеттик университетинин ректору, доцент Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич жана юридика факультетинин профессордук-окутуучулук жамааты, студенттери катышты.

Онлайн тегерек столдо баш мыйзамдын тарыхы, азыркы абалы жана келечеги жөнүндө талкуу жүрдү. Эксперттерге окутуучулар жана студенттер тарабынан суроолор берилип, ынанымдуу жоопторду ала алышты.

Бүгүнкү тегерек столдо студенттер жигердүү катышып, келечектеги юристтер биздин мыйзамдардын кабыл алынышына, иштөөсүнө жана мыйзамдуулуктун сакталышына кайдигер эмес экенин көрсөтүштү.

Онлайн тегерек стол 3 саатка жакын созулуп, өз максатына жетти деп ишендире алабыз.

Бүгүнкү иш-чара факультеттин деканы, юридика илимдеринин доктору, профессор Кулдышева Гулсара Кенжеевнанын жетекчилигинде өтүп, катышуучулар ыраазычылыктарын билдиришти.

1655 22:48 05-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|