Haber

ОшМУнун 80 жылдык мааракесине карата Брейн-ринг уюштурулду

Ош мамлекеттик университетине 2019-2020-окуу жылынын жазгы семестрде ички мобилдүүлүк боюнча келген студенттер ортосунда университеттин 80 жылдыгына карата онлайн Брейн-ринг акыл таймашы уюштурулду. Иш-чараны эл аралык байланыштар департаментинин директору А.О. Абдувалиев салтанаттуу түрдө ачып берди жана катышуучуларга ийгиликтерди каалады.

Таймаш 3 раунддан туруп, суроолор ОшМУнун тарыхын, окуу процессин, жетекчилерин, факультеттерин камтып, логикалык мүнөздө болду.

Жалпысынан 45 суроо берилип, студенттер алардын 30дан ашуусунун жоопторун табышты. Оюнду эл аралык байланыштар боюнча бөлүмүнүн башчысы Амиралиев Семетей алып барды (айтмакчы суроолорду да ал түзгөн).

Жыйынтыгында төмөнкү студенттер жеңүүчү болушту:

1. Канатбек кызы Умут, ОГПИ - 1-орун.

2. Айдар к. Мадина, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети - 2-орун.

3. Турсуналиева Перизат, ОшКӨУ - 3-орун.

4. Жолочу кызы Айдана, Ысык-Көл мамлекеттик университети.

5. Деханбойева Дилнавоз, БатМУ КПИ.

6. Токтобекова Бурул, Нарын мамлекеттик университети.

7. Асанкулова Алина, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети.

8. Мидинова Кумушай, И. Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университети.

9. Солижонова Эьзозхон Шерали кизи, БатМУ КПИ.

Жеңүүчүлөрдүн баарына ОшМУнун грамотасы тапшырылды, 1-орунга 300, 2-орунга 200, 3-орунга 100 бирдик салынды, ошондой эле ар бир жеңүүчүгө директор Абдыганы Осмонович тарабынан 200 бирдик, Өзгөн эл аралык медициналык коллежинин директорунун эл аралык байланыштар боюнча орун басары Роза Ормоновна тарабынан 100 бирдик белек кылынды. Демөөрчүлөргө жана жалпы оюнчуларга терең ыраазычылык билдиребиз.

Эсиңиздерге сала кетсек, ички мобилдүүлүк боюнча окуганы келген студенттерге ОшМУнун эл аралык байланыштар департаменти маданий-массалык, интеллектуалдык, спорттук ж.б. иш-чаралардын сериясын ар семестрде уюштуруп келүүдө.

1656 22:33 05-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|