Haber

ОшМУ академиялык мобилдүүлүктө жүргөн студенттерден менен онлайн байланышта болду

Эл аралык байланыштар департаментенин директору Абдыганы Абдувалиев, эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Амиралиев Семетей, бөлүмдүн башкы адиси Мээрим Маметова, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканы Улан Сопуев, декандын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Гулмира Шамшиева, Орус филологиясы факультетинин деканынын эл аралык байланыштар боюнча орун басары Дилорам Исакова, жана Россиянын өнөктөш ЖОЖдорунда академиялык мобилдүүлүктө жүргөн студенттер катышышты. Студенттердин ал-акыбалын, окууларын жана жашоо шарттарын сураган департаменттин директору эгерде көйгөйлөр болсо, университет чечип берүүгө даяр экендигин билдирди.
Азыркы кырдаалга байланыштуу дистанттык түрдө байланышуунун артыкчылыктарын белгилеп, айырма чыккан сабактарды, модуль, сессияны дагы ОшМУда окуп жаткан студенттер менен биргеликте тапшыруу мүмкүнчүлүгү бардыгын эскертти.
Өз кезегинде студенттер орус жергесинде кандай окуп жатышкандыгы тууралуу жана аны менен биргеликте айырма чыккан сабактарды дистанттык түрдө окуп жатышкандыгын айтышты. МИТ факультетинин деканына студенттер практика жана мамлекеттик экзамен боюнча суроолорду беришип, жоопторду алышты.
Эскерте кетсек, азыркы учурда Новгород мамлекеттик университетинде - 3 студент, Воронеж мамлекеттик университетинде - 3 студент, Петрозавод мамлекеттик университетинде - 2 студент окуп жатышат. Ал эми Казакстандын Л.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине академиядык мобилдүүлүк боюнча билим алганы барган 7 студент учурдагы кырдаалга байланыштуу Ошко келгендиктерине карабай, дистанттык негизде билим алып жатышат.


1727 12:44 04-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|