Haber

ОшМУда практикалар дистанттык формада уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык 16-марттан баштап окуу процессин уюштуруу онлайн режимине өткөн болсо, 13-апрелден тартып практикаларды дистанттык формада уюштуруу башталды.

Алгачкылардан болуп ОшМУнун дүйнѳлүк тилдер жана маданият факультети педагогикалык практиканы дистанттык формада уюштуруу боюнча 2020-жылдын 24-мартындагы Билим берүү жана илим министринин №323/1 жана 324/1 буйруктарынын негизинде Жобо иштеп чыгып, административдик кеңешмеде бекитилген.

Окуу планынын негизинде II семестрде ОшМУнун бир топ факультеттери, коллеждждери практикага чыгышмак. Учурдагы кырдаалга байланыштуу бул маселени административдик кеңешке алып чыгып талкуулаганбыз. Жыйында көпчүлүгү тиешелүү адистиктерди үзгүлтүккө учуратпай дистанттык формада өткөрүү сунушун билдирген.

“Кеңешменин чечимине ылайык практикага чыгуучу адистиктер менен алдын-ала онлайн конференциялар уюштурулуп, практика учурунда пайдаланылуучу техникалык каражаттар, тиркемелер, платформалар боюнча кеңештер берилген.

Практика бөлүмүнүн башчылары, практика жетекчилери студент бөлүнгөн мектеп жетекчилери менен чогуу сүйлөшүп, практиканттарды группаларга бөлүп, жетекчилерди дайындадык. 13-апрелден баштап алгачкылардан болуп Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттерине практикалар башталды.

20-апрелден Математика жана информациялык технологиялар факультетинде билим алышкан математика жана информатика адистиктери үчүн башталды. Учурда тарых адистигинин сырттан окуу бөлүмүндө дистанттык формада мамлекеттик практика жүрүп жатат. Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин 3-курстарынын кесиптик-базалык практикасы 20-апрелден тартып жүрүп жатат. Биздин студенттерге дистанттык формада практикага чыгуу кыйынчылык туударган жок, анткени өткөн окуу жылында студенттерибиз Санариптештирүү жылынын алкагында дистанттык формада практикаларда болуп келишкен болчу. Ошондуктан да ынгайлашуу бир топ жеңил болуп жатат.

Учурда практика өтөп жатышкан мектеп мугалимдеринен жылуу пикирлер айтылып жатат,студенттерибиз да материалдарын жөнөтүп жатышат.

Ал эми 2-курстарга өтүлүүчү адаптациялык-педагогикалык практиканы атайын чечимдин негизинде күзгү семестрге калтырдык. Бул практиканын өзгөчөлүгү практиканттар сабак өтпөйт, алар мектептин документ иштери менен таанышып чыгышты, андыктан бул практиканы аралыктан өтүүгө мүмкүн эмес, ошондуктан кийинки семестрге жылдырдык”, -деди А. Батыралиев.

Ал эми университеттеги педагогикалык эмес адистиктерде апрель айындагы практикалардын жүрүшү боюнча маалымат берген өндүрүш менен байланыштар департаментинин башчысы Т.Матикеев педагоикалык эмес адистиктердин практикалары аралыктан өткөрүлүп жаткандыгын белгиледи.

Практикага чыккан студенттерге жумушчу программалардын негизинде электрондук күндөлүктөр жиберилип, түшүндүрүү, маалымат берүү иретиндеги онлайн видеоконференциялар уюштурулду. Практика учурунда күндөлүктөрдүн ичиндеги тематикаларга ылайык мугалим студенттерге тапшырмаларды иштеп чыгып жөнөтсө, студент жооп жазып кайрадан мугалимге жөнөтүүдө. Азыр практиканын теориялык саатын 4-майга чейин өтүшөт. Андан кийин абал турукташып кетсе, өндүрүшкө чыгышат. Учурда математика жана информациялык технологиялар факультетинин педагогикалык эмес адистиктери 13-апрелден 20-апрелге чейин аралыктан практикадан өтүшсө, Физика-техника факультетинин адистиктери 30-мартан, Эл аралык мамилелер факультети 13-апрелден, Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин котормочулар адистиги 6-апрелден 18-апрелге чейин, Индустриалдык-педагогикалык колледжи 13-апрелден тартып практикаларды өтүшсө, Кыргыз-Кытай факультетинин котормо иши адистигинде 27-апрелден, Искусство факультетинин адистиктерине 30-апрелден тартып башталат.

Белгилей кетсек, ар бир адистик үчүн практикаларды дистанттык формада уюштуруу үчүн өз-өзүнчө ЖОБО иштелип чыккан.

Учурдагы кырдаалга байланыштуу практика учурунда студенттер дистанттык окутуу технологияларын колдонуу менен үйлөрүнөн чыкпастан аралыктан катышууда.

2203 07:48 01-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|