Haber

ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультети Синьцзян педагогикалык университети менен биргеликте видео конференция уюштурду

“2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата Ош мамлекеттик университетинде жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Кыргыз-Кытай факультетинде видео конференция уюштурулду.

Аралыктан окутуунун сапатын жогорулатуу, кытай тилчи окутуучулар арасында тажрыйба алмашуу максатын көздөгөн видео конференция 30-апрелде Кытайдын Синьцзян педагогикалык университети менен биргеликте «Кытай тилин онлайн окутуудагы маселелери жана перспективалары» деген темада өттү.

Конференцияга Синьцзян педагогикалык университетинин проректору Ли Цзян Жун, Эл аралык кызматташуу департаментинин директору Лю Вейчиан жана ОшМУнун Кыргыз-Кытай факультетинин деканы Айтикеев Т. баштаган окутуучулук жамааты, Конфуций институтун окутуучу волонтёрлору катышышты.

Конференциянын жүрүшүндө Синьцзян педагогикалык университетинин доценттери Та Вэйган жана Чжан Цзе «Онлайн билим берүүдөгү инновациялык технологияларды колдонуу», «Кытай тилин онлайн окутуудагы Синьцзян Педагогикалык Университетинин тажрыйбасы» аттуу докладдар жасалды жана Кытайды онлайн окутууда сап башында турган DingTalk программасын кантип колдонуу жөнүндө презентация жасалды.

Соңунда окутуучулар менен адистердин ортосунда онлайн окутууга байланыштуу кызуу талкуу жүрүп, суроо-жооптор менен коштолду. Адистер онлайн билим берүү учурдагы кырдаалдын чакырыгы экендигин белгилеп, окуу процессинде бир гана программа менен чектелбестен жакшы эффект жарата ала турган башка портал, программаларды колдонууну сунуш беришти.

1644 07:31 01-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|