Haber

Профессор Сыртбай Мусаев Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уюшиурулган онлайн илимий конференцияда баяндама жасады

Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде “2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдыгына карата университетте жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында 29-апрелде онлайн илимий видеоконференция уюштурулду.

Онлайн видеоконференциянын коногу КРдин УИАсынын корреспондент-мүчөсү, ф.и.д., профессор Сыртбай Мусаев "Кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору" деген темада баяндама жасады.

Илимий конференцияга ОшМУнун Илим жана Аспирантура бөлүмүнүн башчысы Г.Анарбаева, ОшМУнун окумуштуулары, аспиранттар, магистранттар, студенттер, ошондой эле ОшТУ, КӨУ, ОГПИ, ОшМЮИ, ЖАМУ, БатМУдан окумуштуулар катышышты.

Конференцияда кыргыз тил илиминин ийгиликтери, көйгөйлөрү жана аны чечүүнүн жолдору боюнча кызыктуу баяндама жасалып, суроо-жооп, талкуу менен коштолду.

1834 06:37 01-05-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|