Haber

АУЦАнын профессору ОшМУда лекция окуду

29-апрелде Борбордук Азиядагы Америка университетинин (АУЦА) профессору Руслан Рахимов "Современные онлайн образовательные платформы: проблемы и перспективы" деген темада Zoom аркылуу окутуучуларга он-лайн лекция окуп берди.

Жыйынга окуу жайдын 100гө жакын кызматкери туташтырылып, департаменттин директору Абдыганы Осмонович модераторлук кылды. Катышуучулар иш-чара абдан жемиштүү, кызыктуу жана мазмундуу болуп, лекциядан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алышкандыгын билдиришти.

Белгилүү илимпоздордун жана көрүнүктүү адистердин мындай магыздуу вебинарларын жамаат үчүн эл аралык байланыштар департаменти алдыда регулярдуу уюштуруп турмакчы.

2453 16:14 30-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|