Haber

ММКны колдоо борборунун адистери "Медиа маалыматтык сабаттуулук" темасында вебинар өтүштү

“2020-жыл - Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо” жылына жана ОшМУнун 80 жылдык маарекесине карата жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында Кыргыз-Түрк факультетинин журналистика жана компьютердик инженерия адистиктерине вебинар өтүлдү.

Вебинарды ММКны колдоо борборунун адистери Кундуз Жекшен кызы жана Тынчтыкбек Досмуратов "Медиа маалыматтык сабаттуулук" темасында өтүштү.

План боюнча журналистика адистигине конок лекцияга келчү окутуучулар учурдагы кырдаалга байланыштуу келе албаса да, биз онлайн түрдө конок лекцияларды уюштурууну колго алганбыз. Алдыда чет өлкөлүк кесиптештердин биздин студенттерге арналган кызыктуу онлайн сабактары күтүп турат деп маалымдайт уюштуруучулар.

Вебинардын толук берүүсүн төмөнкү шилтемеден тааныша аласыздар:

https://www.youtube.com/watch?v=P3wROihfhyY&feature=youtu.be

2387 15:53 30-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|