Haber

ОшМУнун факультеттеринде онлайн семинар уюштурулду

2020-жылдын 28-апрелинде ОшМУнун МИТ факультетинин “ИСТ” жана Кыргыз-Түрк факультетинин “Программалык инженерия” адистиктеринин студенттерине онлайн-семинар болду. Семинарды белгилүү программист Кубаныч Тажмамат уулу өттү.

«Assembler бүгүнкү күндө. Kotlin тили жана анын перспективалары» деген темадагы семинарда студенттер заманбап программаларды иштеп чыгуу методдору тууралуу маалымат алышты. Zoom программасында уюштурулган онлайн сабак дискуссия жана суроо-жооп менен коштолду.

Онлайн семинар программалоо тилдерин үйрөнүүгө студенттерди кызыктыруу жана программалоо багытында өз алдынча изденүүгө шыктандыруу максатында уюштурулган.

Видео-конференциянын жүрүшү боюнча төмөнкү шилтемеге кирип маалымат алсаңыздар болот:

https://www.youtube.com/watch?v=xQlhBP5OK_I&t=165s

2546 12:50 29-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|