Haber

“Психологдон кеңеш" онлайн-семинары

Ош мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер факультетинде апрель айында факультеттин жалпы студенттери үчүн “Психологдон кеңеш" онлайн-семинары уюштурулду.

Онлайн-семинар факультеттин деканынын милдетин аткаруучу С. Ибраимова тарабынан уюштурулуп, конок лектор катары ОшМУнун психология бөлүмүнүн башчысы п.и.к., доцент Акчач Жолдошева чакырылды.

Студенттер үчүн өлкөдө түзүлгөн кырдаалда психологиялык колдоо көрсөтүү максатында уюштурулгандыгын белгилеген уюштуруучулар, студенттерге пайдалуу болгондугун белгилеп, мындай иш чаралар дагы улантыларын кошумчалады. Ошондой эле студенттерге өзгөчө пайдалуу кеңештерин айткан практик-психолог Акчач Жолдошевага ыраазычылыгын билдирди.

1734 07:54 28-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|