Haber

Орус филологиясы факультетинде онлайн илимий жумалык жыйынтыкталды

Орус филологиясы факультетинде 20-26-апрелге чейинки аралыкта илим жумалыгы уюштурулду. Жумалыктын ачылуу аземинде факультеттин окутуучуларынын, магистранттарынын онлайн баяндамалары окулса, жумалыктын экинчи күнү “ОшМУнун 80 жылдыгына-80 сөз” деген аталыштагы студенттик илимий-практикалык конференция өттү. 22-апрелде С. Есениндин 125 жылдыгына карата адабий кече орун алды. Студенттер чыгармачылык менен адабий кечеге аралыктан активдүү катышып беришти. Жумалыктын алкагында адабий-музыкалык кечелер, семинарлар, талкуулар уюштурулду.

Илимий жумалыкты 26-апрелде Назарбаев университетинин профессору Д. А. Шаматовдун катышуусунда өткөн “Илимий эмгектерди Scopus, Web of Science системаларына жарыкка чыгаруу” деген темадагы онлайн илимий семинар жыйынтыктады.

1615 05:41 28-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|