Haber

Кесипке багыттоо видео-конференциясы уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин «Программалоо» кафедасы тарабынан 26-апрелде Zoom программасы аркылуу мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү видео-конференциясы уюштурулду.

Конференцияда алгач кафедранын башчысынын милдетин аткаруучу доцент Н.К.Аркабаев катышуучуларга “ПОВТАС” жана “ИСТ” адистиктери боюнча кеңири маалыматтарды берип кетти. Ага улай эле кафедранын ардактуу профессору А.Сопуев кафедрадагы адистиктер, андагы негизги артыкчылыктар тууралуу өзүнүн пикирин кошумчалады. Ал эми факультеттин деканы, доцент У.А.Сопуев факультеттеги башка адистиктер тууралуу да маалыматтарды кошумчалады.

Конференциянын жүрүшүндө кызуу талкуулар, суроо-жооптор болуп, мектеп бүтүрүүчүлөрү кесип тандоодо ушундай маалыматтарга суусап тургандыгы байкалып турду. Суроолордун басымдуу бөлүгү азыркы пандемия учурундагы жалпы республикалык тест, кабыл алуу тууралуу болду. Суроо-жооп учурунда ОшМУнун жогоруда айтылган адистиктерден башка адистиктери тууралуу да көптөгөн суроолор болду.

Видео-конференцияга бүтүрүүчү класстардан сырткары мектеп мугалимдери, ата-энелер да катышышып, мындай конференцияларды башка адистиктер боюнча да өткөрүп туруу сунуштарын айтышты.

Видео-конференциянын жүрүшү боюнча төмөнкү шилтемеге кирип маалымат алсаңыздар болот:

https://www.youtube.com/watch?v=5F2hrJc3DGs&feature=youtu.be
2420 04:51 28-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|