Haber

Теология факультети эл аралык илимий онлайн-конфренция уюштурат

Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинде 27-30-апрель күндөрүнө палнаштырылган онлайн илимий жумалык башталды.

Жумалык бүгүн, 27-апрелде саат 14:00 дө «Ислам, илим жана учурдун көйгөйлөрү”,-деген темада илимий онлайн-конференция менен башталат. Ачылуу аземинен кийин «Ислам, илим жана учурдун көйгөйлөрү” деген теманын алкагында ZOOM платформасында студенттердин илимий баяндамалары жасалат.

Ушул эле теманын алкагында 28-апрелде факультеттин магистрлеринин илимий баяндамалары жасалып, талкуулар уюштурулат.

Ал эми 29-апрелде университетте жарыяланган “Онлайн эл аралык, регионалдык видеоконференциялардын жумалыгынын” алкагында эл аралык илимий онлайн-конфренция өтөт. Эл аралык илимий онлайн-конфренцияда Түркия мамлекетинин Чукурова университетинин теология факультетинин окутуучусу, доц. док. Юсуф Гөкалп "Учурубузда шия агымынын ислам дүйнөсүндөгү орду" деген темада баяндама жасайт.

1801 14:46 27-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|