Haber

Өзгөчө кырдаалда ОшМУда аралыктан окутууну уюштуруу

Азыркы болуп жаткан коронавирус COVID-19 инфекциясы боюнча эп идемиялык кырдаалда Ош мамлекеттик университети да дистанттык технологияларды колдонуу аркылуу аралыктан билим берүүгө өттү. Кырдаалга байланыштуу ОшМУнун ректору К.Г.Кожобеков университетте окуу процессин дистанттык технологияларды колдонуу менен үзгүлтүккө учуратпай жүргүзүүнүн түрдүү чараларын иштеп чыгып, кескин чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык буга чейин колдонулуп келе жаткан бир катар техникалык-программалык каражаттар модернизацияланды. Аралыктан байланышты үзгүлтүксүз уюштуруу максатында бир катар кызматташтык келишимдери түзүлдү. Төмөндөгү тизмеден ОшМУда аралыктан билим берүүнү эффективдүү жана үзгүлтүксүз жүргүзүүнү, ошол эле учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоону уюштурган маалыматтык-коммуникациялык системалар менен таанышсаңыздар болот:

KelBil (КелБил) платформасы

Буга чейин бул мобилдик тиркеме студенттер үчүн электрондук жадыбал жана сабакка катышууну каттаган электрондук журнал катары гана колдонулчу. Эми толукталган жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык сабактардын окуу материалдарын да түз эле KelBil программасындагы сабактын жадыбалына илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу жадыбалга сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда биринчи жолу AVN системасындагы "Билим берүү порталы" менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди, окуу материалдарын кеңири колдоно баштады. Ошондой эле аткарган тапшырмаларына мугалимдин кайтарым байланышын, алган упайларын да ушул жактан көрө алат.

AVN (АВН) корпоративдик маалымат системасы . ОшМУнун AVN маалыматтык системасы окутуучулардын жана кызматкерлердин аралыктан иштөөсүнө ыңгайлаштырылды. Ага ылайык эми ар бир окутуучу үйүндө олтуруп эле өзүнүн расписаниесин өзгөртүп, тесттик материалдарды кийирип, электрондук ведомостторду текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен толтуруп, студент менен кайтарым байланыштарды уюштура алат. Бүгүнкү шартка жараша студенттин аралыктан билим алуусун уюштуруп берген бардык электрондук окуу материалдар ар бир предмет боюнча AVN системасына киргизилген. Окутуучу тарабынан ар бир студенттин он-лайн сабактарга катышкандыгын, тапшырмаларды аткаруусун көзөмөлдөө жана каттоо, студенттерге кайтарым байланыштарды берүү толук автоматташтырылган. Ал эми студентке өзү жөнүндөгү бул маалыматтар автоматтык түрдө КелБил программасы аркылуу жөнөтүлүп турат, б.а. AVN системасы менен КелБил программасы синхрондуу иштейт. Тиешелүү структура жетекчилери каалаган убакытта AVN системасына кирип бул процесстердин өз убагында аткарылышын ийкемдүү көзөмөлдөп, тиешелүү отчетторду чыгара алат.

Корпоративдик почта . Ош мамлекеттик университетинин DATA-борборунда иштеп жаткан mail.oshu.kg почталык серверин колдонуу менен ар бир окутуучунун официалдуу электрондук дареги түзүлдү. Эми ОшМУнун ар бир окутуучусунун жана кызматкеринин *@oshsu.kg корпоративдик электрондук дареги бар. Натыйжада университеттеги ички маалыматтарды ыкчам алмашууга, маалымат коопсуздугун сактоого кеңири мүмкүнчүлүк түзүлдү. Аралыктан официалдуу документ жана кат алмашуу максатында корпоративдик почтада электрондук кол тамга киргизүү аракети жүргүзүлүп жатат, аз күндө бул мүмкүнчүлүктүн да ишке ашуусу күтүлүүдө.

Видеоконференция-байланыш системасы. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо максатында университет bbb2.oshsu.kg/ видеоконференция-байланыш системасын иштеп чыкты. Бул система Zoom, vks интернет каражаттары сыяктуу сапаттуу видеоконференцияларды, б.а. синхрондук байланышты уюштурууга шарт түзүп берип турат. Өлкөбүздөгү болуп жаткан өзгөчө абалда университеттин административдик кеңешмелерин, ар бир структуралардын чогулуштарын, усулдук семинарларды, студенттер менен чогулуштарды bbb2.oshsu.kg/ видеоконференция-байланыш системасы аркылуу үзгүлтүксүз уюштуруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү.

Билим берүү жана илим министрлиги менен MegaCom компаниясынын келишимдеринин алкагында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков MegaCom компаниясынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бир катар келишимдер түзүлдү. Ага ылайык ОшМУнун окутуучулары жана кызматкерлери акысыз интернет жана байланыш кызматтарына ээ болушту. Ошондой эле эми студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн ОшМУнун 35 тен ашуун интернет зоналарына кирүү жана андагы электрондук маалымат ресурстарын колдонуу акысыз болуп калды.

RETEST.KG сайты . Абитуриенттер үчүн ЖРТга даярдоо жана алардын даярдыктарын текшерүү максатында колдонулуучу атайын сайт иштелип чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000 ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат.

3257 18:38 12-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|