Haber

ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин 200 дөн ашуун ординаторлору эпидемиялык кырдаалда өздөрүнүн салымдарын кошууда

Бул тууралуу ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин деканы м.и.к, доцент Айгуль Момунова маалымдады.

Ош мамлекеттик университети дайыма коомдон сыртта калбай, элибизде кандай кырдаал болбосун жамаат менен чогуу колдоо көрсөтүүгө даяр турат. Азыркыдай бүткүл дүйнө эли бир бүтүн болуп коронавирус COVID-19 инфекциясы менен күрөшүп жаткан учурда ОшМУнун медицина жаатында эмгектенген окутуучулары, даргерлер менен биргеликте ОшМУнун дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин 200 дөн ашуун ординаторлору өлкөбүздүн бардык региондорунда эмгектенип жатышат.

Алар Кара-Суу, Өзгөн, Ноокат райондорунда, Баткен жана Жалал-Абад облустарында коронавирус COVID-19 инфекциясы боюнча эпидемиялык кырдаалда өздөрүнүн салымдарын кошуп жатышат.

Ординаторлор сиздер ушундай учурда дарыгерлер менен чогуу иштеп жатканыныздарга ыраазычылык айтабыз!

Биз Сиздер менен сыймыктанабыз жана элге кылган кызматыныздарды Эл баалайт деп ойлобуз. Сиздерге бекем ден соолук каалайбыз! Өзүңүздөрдү этият кылышыныздарды суранабыз.

1869 01:35 11-04-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|