Haber

ОшМУнун ректору ZOOM программасы аркылуу видео-конференция режиминде жыйын өттү

Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков ректораттын өкүлдөрү, структура жетекчилеринин катышуусунда он-лайн режиминде жыйын өткөрдү.

Бүгүн, 30-мартта уюштурулган жыйын ZOOM программасы аркылуу видео-конференция режиминде өттү. Административдик кеңеште “ОшМУда окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун абалы жөнүндө” жана ар түрдүү маселелер каралды.

ОшМУда окутуунун дистанттык технологиясын колдонуу менен окуу процессин уюштуруунун абалы жөнүндөгү маалыматтар угулуп,талкууланды.

“Биздин окуу жайда дистанттык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү 2012-жылдан тартып ишке ашып келген, учурда бардык мүмкүнчүлүктөрүбүз бар. Университетибиздин программисттери KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен биргеликте студенттерге ыңгайлуу болгон жаңы программа иштеп чыгышты. Башкача айтканда биринчи жолу AVN системасындагы "Билим берүү порталы" менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады”, деген окуу жай жетекчиси, окуу процессин он-лайн режиминде үзгүлтүксүз уюштурууну күчөтүү тапшырмасын берди.

Ар бир факультет, колледждерде кураторлордун студенттер менен байланышы бекемделип, ар бир студент менен тыгыз кайтарым байланышта болуп туруулары керектигин эскертти.

Ар түрдүү маселелерде окуу жайдын ар бир жамааты менен тиешелүү жетекчилерди он-лайн байланышта болуп, ар бир жамааттын мүчөсүнүн үй-бүлөлүк абалы, турумуш шарты боюнча кабардар болуп турууга чакырды. Ошондой эле тиешелүү жагдайлар болсо жетекчиликке кайрылып, билдирип турууларын тапшырды.

2276 16:13 30-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|