Haber

Жаңылык: ОшМУ RETEST.KG жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштеп чыкты

Ош мамлекеттик университетинин ЖОЖго даярдоо борбору тарабынан RETEST.KG жалпы республикалык тестке даярдыкты текшерүүчү сайт иштелип чыкты.

RETEST.KG сайтты он-лайн түрүндө абитуриенттердин ЖРТга даярдыктарын текшерет.

Өлкөбүздүн бардык аймактарындагы абитуриенттер үй шартында ноутбук, смартфон, планшет менен каалаган браузер аркылуу RETEST.KG сайтына кире алышат.

“Алгач абитуриент сайтка кирип, катталуу терезесиндеги маалыматтарды толтуруп алышат. Катталган соң сайтка кийинки киргенде катталуунун керегеги жок. Катталган учурда жазган телефон номерин жана сыр сөздү жазып кире алышат.

Сайтта колдонуучунун негизги эрежелери камтылган, ар бир катталган абитуриент эрежеге көңүл буруусу абзел. “Тест” бөлүмүндө негизги тестте математика, кыргыз тили, кошумча тестте химия, биология предметтери жайгашкан.

Тесттерди толук тапшырып бүткөн соң рейтинг чыгат. Эң жогорку балл алгандар ТОП 30 катарына кирет. “Рейтинг” бөлүмүндө мектептин аталышы, алган баллы, жайгашкан дареги жазылат. ТОП 30 кирбей калган абитуриенттер жалпы тест тапшыргандардын тизмесинен өзүн көрүүгө болот. “Менин натыйжам” бөлүгүндө бардык тест тапшыруучулардын тизмеси бар.

Ал эми “Негизгни тест сертификат” бөлүмүн бассак тест тапшырган катталуучунун арифметика, алгебра, геометрия, сүйлөмдөрдү толуктоо, грамматика боюнча алган баллдарын чыгарып берет. Азыркыдай жагдайда абитуриннттер үчүн ыңгайлуу жана пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, -дейт сайттын түзүүчүсү, Ош мамлекеттик университетинин ЖРТга даярдоо борборунун жетекчиси Бектур Азимов.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын бардык аймактарынан 2000 ден ашуун окуучулар бул RETEST.KG сайтына кирип, ЖРТга даярдыктарын текшерүүдөн өткөрүп жатышат. Бул мүмкүнчүлүктөн сиздер да пайдалаңыздар.

Белгилей кетсек, тестке киргениңизде толук аяктай албай калсаңыз, тестиңизди 24 саат ичи кайра кирип улантсаңыз болот. Башкача айтканда браузерден чыгып кеткениңизден кийин да бир сутка убактыңыз токтоп турат.

6006 12:49 30-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|