Haber

ОшМУ KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрү менен биргеликте студенттерге ыңгайлуу болгон жаңы программа иштеп чыкты

Эми өлкөнүн бардык аймактарында жашаган ОшМУнун студенттери көйгөйсүз он-лайн сабактарга катыша баштады.

Коопсуздук кеңешинин чечимине жана Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык 16-марттан баштап окуу процессин уюштуруу он-лайн режимине өткөн.

Ош мамлекеттик университети да он-лайн билим берүүнү колго алып, алгачкы күндөн тартып ОшМУнун www.oshsu.kg расмий сайтынан жана avn.oshsu.kg дареги аркылуу ОшМУнун электрондоштурулган “Билим берүү порталы”, WhatsApp, Instagram, Facebook социалдык тармактары, Moodle, Google Classroom аралыктан ачык билим берүү ресурстары жана Zoom, Skype, Empathy, Linphone, Ekiga, Google Talk видео-конференция уюштуруучу программалар аркылуу билим берип, студенттер менен кайтарым байланыштар болуп келди. Ошол эле учурда бир эле студент 8 предметтен билим алса, 8 окутуучунун түрдүү программалардын кызматын пайдалануу менен билим берип жаткандыгы студенттерге ынгайсыздык жараткан.

ОшМУ М-Вектор уюмунун изилдөөсүнө таянып (“Колдонуучулардын 20%ы ноутбук менен стационардык компьютерлерди колдонушат ал эми аймактарда болсо колдонуучулардын 94%ы интернетке смартфон аркылуу киришет”) мугалимдер менен студенттер аралыктан көз карандысыз байланышып, бирдиктүү системада болуусун эске алуу менен KelBil мобилдик тиркемесинин түзүүчүлөрүнө сунуш берилип, бул багытта бирдиктүү программа иштелип чыкты.

Бүга чейин студенттер KelBil тиркемеси аркылуу жадыбалдарды, келишимдик акыларын, окуу жай тарабынан жөнөтүлгөн жарыяларды, өзүнүн жетишүүсү тууралуу маалыматтарды ала алышчу.

Учурда KelBil тиркемеси жаңыланып WhatsApp группалар аркылуу студенттерге жөнөтүлдү. Play маркетте жакынкы күндөрдө жаңы версиясы орнотулуп калат.

Жаңы мүмкүнчүлүктөргө ылайык сабактардын материалдарын түз эле KelBil программасындагы сабактын жадыбалына (расписаниеге) илүү мүмкүнчүлүгү иштелип чыкты. Жогорудагы көрсөтмө аркылуу жадыбалга сабакта колдонгон бардык каражаттарды шилтеме же pdf форматында тиркөөгө болот. Башкача айтканда биринчи жолу AVN системасындагы "Билим берүү порталы" менен бирге эле Zoom, Google Classroom, YouTube ж.б. каражаттарды да кеңири колдонуп, бир системага топтоого мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Эми студенттер KelBil тиркемеси аркылуу эле бардык предметтерге кирип, окутуучулар жадыбалга илген шилтемелерди кеңири колдоно баштады.

Кошумчалай кетсек, учурда iBooks.oshsu.kg электрондук китепканасы аралыктан окутууда кеңири пайдаланылууда. ОшМУ тарабынан түзүлгөн электрондук китептердин маалымат базасында 10 000 дашык электрондук китеп бар. Алгач университеттин окутуучулары, студенттери үчүн гана ачылган. Учурдагы жагдайга байланыштуу өлкөбүздүн баардык аймагында жуманын 7 күн ичинде 24 саат бою аралыктан окуу жайдын китепканасынын электрондук базасын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берилди.

2117 15:32 26-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|