Haber

ОшМУ коронавирусту алдын алуу иш-чаралары үчүн 700 000 сом акча каражатын бөлдү

Ош мамлекеттик университети жалпы жамаатынын колдоосу менен коронавирусту алдын алуу иш-чаралары үчүн профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысынын эсебинен 700 000 сом акча каражатын бөлдү.

Аталган каражат бүгүн, 24-мартта коронавируска каршы күрөшүү боюнча атайын эсепке которулду.

Мындай чечим жетекчиликтин демилгеси, окуу жайдын жалпы жамаатынын колдоосу менен ишке ашты.

“Бүткүл дүйнө элине кооптуу болгон бул илдеттен айтылып жаткан эрежелерди сактоо жана бири-бирибизге колдоо көрсөтүү, дүрбөлөңгө алдырбай тынчтыкты, санитардык эрежелерди сактоо менен гана жеңе алабыз. Андыктан ар бир жамаатыбыздын мүчөсү, эли-журтубуз аман болсун”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

Белгилей кетсек, ОшМУда бул илдеттин алын-алуу боюнча атайын штаб түзүлүп, эрежелерге ылайык иштер алып барылууда. Учуда университеттин бардык окуу имараттары, жатаканалары дезинфекциялоодон өттү. Буга чейин дозаторлуу антисептиктер университеттин бардык окуу имараттарынын, жатаканаларынын ар бир кабатына коюлуп, пайдалануу эрежелери ар бир окутуучу, студенттерге түшүндүрүлгөн.

Ал эми окутуучулар учурда үйлөрүндө отуруп студенттер менен он-лайн аркылуу байланышып, сабактарын үзгүлтүксүз уюштурууда.

2136 14:03 24-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|