Haber

Ош мамлекеттик университетинде жана студенттик жатаканаларында дезинфекциялоо иштери жүрүп жатат

Ош мамлекеттик университетинде коронавирустун алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө максатында атайы штаб түзүлүп, иштеп жатат. ОшМУнун башкы штабынын байланыш телефону 03222 70955. Университетте 18-мартта өткөн административдик кеңешинде ОшМУга коронавирустун кириүүсүнүн алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча ыкчам чараларды көрүү жөнүндө рктордун буйругу чыгып, буйруктун негизинде тиешелүү иш аракеттер аткарылууда.

18-мартта ОшМУнун Өзгөн эл аралык медициналык колледжин, 19-мартта башкы имаратты, ошондой эле 9 окуу корпусун жана 4-А жатаканасын дезинфекциялоо иштери жүрдү. Атайын адистер окуу имараттарынын жана жатакананын ичи-тышын дезинфекциялашты. Мындай иш аракеттер график боюнча бардык окуу имараттарын, жатаканаларын камтыйт. Ошондой эле бардык окуу имараттары жана жатаканаларынын кааналары, айнек, эшик терезелери санитардык тазалоо иштеринен өтүп жатат.

Белгилей кетсек, университетте короновирус илдетинин алдын алуу иштери коронавирус илдети чыккан алгачкы күндөн тартып башталган. Университетте атайын штаб түзүлүп, окутуучуларга, студенттерге түшүндүрүү иштери алып барылган. Окуу жайдын 35 окуу имаратынын ар бир кабатына дозаторлуу антисептиктер орнотулуп, жамааттын ар бир мүчөсүнө колдонуу эрежелери түшүндүрүлгөн.

1790 16:30 19-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|