Haber

ОшМУда ишембилик өттү

Ош мамлекеттик университетинде жарыяланган жазгы үч айлыктын алкагында Ош шаарын жана ОшМУнун окуу корпустарын, жатаканаларды жана короолорду жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо боюнча буйрукка ылайык университетте 13-14-март күндөрү 35 окуу корпустарында жана жаканаларында жалпы ишембиликтер өттү.

Ишембиликте университеттин окуу имараттарынын айлана-тегеректери, короолору, жатаканаларынын короолору, Ош шаардык мэриясы тарабынан бөлүнүп берилген аймактар тазаланып, таштандылар чыгарылды, арыктар тазаланды. Ошондой эле окуу имараттарынын, жатаканалардын имараттарынын ичинде жууп-тазалоо иштери жүрдү.

2015 22:50 15-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|