Жолугушууда окуу жайдын ректору студенттерге ак жол каалап: " Алдыга чоң максаттарды коюп, билим сапарына аттанганы турасыңар. Силердин жүрүм-турумуңардан, билимиңерден ОшМУнун деңгээли чагылып турат. Андыктан мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, өзүңөргө мыкты тажрыйба топтоп келгиле"-деп билдирди. ́
Белгилей кетсек, 2016-жылдан бери Батыш Чех университетинин академиялык мобилдүүлүк алкагында кызматташуу жөнүндөгү эки тараптуу келишимдердин негизинде 80ге чукул студент, 30дан ашуун окутуучу билим сапарында болуп келди.