Haber

“Мырзалардан” айымдарга ыр десте

Ош мамлекеттик университетинин мырзалар жамааты Ош шаарындагы З.Бабур атындагы музыкалык-драма театрында окуу жайдын айымдар жамаатына майрамдык кече өткөрүштү.

Майрамга карата уюштурулган иш-чарада легендарлуу “Мырзалар” тобунун концерти тартууланды.

Кече башталышында ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков башында турган ректораттын мырзалары Бабур театрынын фойесинде жандуу музыканын коштоосунда айымдарды жакшы маанайда тосуп алды.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору К.Кожбеков “ОшМУнун кызматкер айымдары үйдө жароокер жар, мээримдүү эне, көчөдө кулпурган гүлдөй жарашыктуу кийинип ааламды жаркыткан азылзаада аял, окуу жайда жигердүү кызматкер жана чебер педагог. Биз ар дайым окуу жайыбыздын асылзаттары менен сыймыктанабыз ” – деп баардык аялзатын майрам менен куттуктап, жаштыкты эстеткен, өткөн жылдарга жетелеген “Мырзалар” тобуна ийгилик каалап, ыраазычылыгын билдирди.

Концерттин жүрүшүндө ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков ОшМУнун өсүп-өнүгүшүнө өз салымдарын кошкон эжекелерге акчалай сыйлык жана алкыш баракчаларын тапшырды.

1791 04:00 09-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|