Haber

ОшМУнун ардагер айымдарына майрамдык маанай тартууланды

8-март – Аялдардын эл аралык майрамынын урматына Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков бүгүн, 5-мартта университетте көп жылдан бери үзүрлүү эмгектенип, өмүрүн, тажрыйбасын университетке арнап келе жаткан 60 жаштан жогорку 50 ардагер эжекелер менен жолугушуп, пикир алышты.

Жаз майрамдары менен куттуктап жатып университеттин ардагер мууну дайыма окуу жайдын өсүп өнүгүүсүндө, билимдүү, илимдүү жаштардын, кесипкөй адистердин тарбиялануусунда ар бир эжекенин орду бийик экендигин белгиледи. Май айында белгиленип жаткан университеттин 80 жылдык мааракесинде да жамаатка омоктуу ойлорун, туура кеңешин, сунуштарын айтып, ак баталарын берип турууларын каалады.

Ошондой эле ар бир эжекенин билим берүүдө, жаштарды тарбиялоодо, университеттин өнүгүүсүнө кошкон салымдарын айтып, өзүнүн майрамдык белегин тартуулады.

Ардагерлердин сап башында турган б.и.д., профессор, “Данк” медалынын ээси Бурул Каримова жалпы ардагер эжекелердин атынан окуу жай жетекчисине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

1897 15:37 05-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|