Haber

Ош шаарындагы ЖОЖдор аралык “Кана эмесе, кыздар!” аттуу караоо-сынагы болуп өттү

Кыргыз Республикасынын аялдар кеңешинин төрайымы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаеванын демилгеси менен 8-март –Аялдардын эл аралык күнүнө карата Ош шаарындагы ЖОЖдор аралык “Кана эмесе, кыздар!” аттуу караоо-сынагы болуп өттү.

Аталган кароо-сынак 2-мартта Ош улуттук драма театрында уюштурулду. Сынакка ОшМУ, ОшТУ, ОГПИ, ОшКӨУнун 5 кыздан турган курама командалары катышышты.

Сынактын жүрүшүндө катышуучулар жобого ылайык ийкемдүүлүгүн, билимдүүлүгүн, зиректигин, аткаруучулук чеберчиликтерин тартуулашты.

Соңунда ОшКӨУнун кыздар командасы биринчи орунду ээлеп 20 000 сом, ОшМУнун командасы экинчи орунду ээлеп 15 000 сом, ОшТУнун жана ОГПИнин командалары үчүнчү орунду ээлешип 10 000 сомдон уюштуруучулардын акчалай сыйлыктары, дипломдору, баалуу белектери менен сыйланышты. Ошондой эле ар бир окуу жай өзүнүн командаларына да белектерин тапшырышты.

Сынактын жүрүшүндө эмгеги сиңген окумуштууларга, коомдук ишмерлерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Айнуру Алтыбаева Аялдар коомунун атынан “Даткайым” медалдарын тапшырды. ОшМУнун окумуштууларынын ичинен б.и.д., профессор, “Данк” орденинин ээси Бурул Каримовага, п.и.к., профессор Мейликан Алтыбаева, ф.и.д., доцент Бактыгул Темировалар аталган “Даткайым” медалдары менен сыйланышты.

1987 10:03 03-03-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|