Haber

Искусство факультетинин студенти Урматбек уулу Сыймык «ОшМУ мырзасы – 2020» номинациясын жеңип алды

Ош мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине жана Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата университеттин социалдык жана тарбия департаменти тарабынан «ОшМУ мырзасы–2020» сынагы 27-февраль күнү “Кыргызстан” кинотеатрында болуп өттү.

Сынактын шарттарына ылайык университеттин факультеттеринен, колледждеринен мыкты деп тандалып алынган 13 мырза IV турда өз чыгармачылыктарын тартуулашты.

Жыйынтыгында Искусство факультетинин студенти Урматбек уулу Сыймык «ОшМУ мырзасы – 2020» номинациясына ээ болуп ноутбук менен сыйланды. Юридика факультетинин студенти Смадияров Темирбек 2-орунду ээлесе, Математика жана информациялык технологиялар факультетинин студенти Маметназаров Маметтурсун жана Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин студенти Жениш уулу Примберди 3-орунду ээлешти.

Маметназаров Маметтурсун ошондой эле социалдык тармактарда өткөн сурамжылоодо “Instagram мырзасы-2020”, Facebook мырзасы-2020”, Жеңишбек уулу Примберди “ОшМУнун күчтүү мырзасы” наминацияларына ээ болушту. Сынакта жеңүүчү болгон мырзаларга университет тарабынан ноутбук диплом, уюлдук телефондор, “Семетей” кинотеатрына сертификаттар жана Ош шаардык жаштар иштери боюнча комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ошондой эле бардык катышуучуларга окуу жай тарабынан дени сак болууга үндөгөн велосипеддер тапшырылды.

2007 12:03 28-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|