Haber

Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү ОшМУда болушту

Орто Азиядагы жана Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкулдөрү, Борбор Азиянын алдыңкы экономисти Ивайло Изворски, улук экономисттери Апполении Мбоуэ жана Бакыт Дубашевдер 26-февралда Ош мамлекеттик университетинде болушту.

Коноктор университеттин Бизнес жана менеджмент факультетинде факультеттин деканы Мирлан Убайдуллаев менен пикир алышты, ошондой эле факультеттин профессордук-окутуучулук курамы, студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү өлкө аймагында жүргүзгөн аналитикалык отчеттору боюнча маалымат беришти. Маалыматта өлкөнүн экономикалык өсүүсү, перспективасы жана программалык пландары боюнча айтылып, суроо-жооп, талкуулар менен коштолду.

1823 16:05 27-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|