Haber

23-февралда ОшМУда бильярд боюнча биринчилик өттү

Ош мамлекеттик университетинин профсоюз уюму тарабынан 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата окуу жайдын окутуучу, кызматкер агайларынын ортосунда салтка айланган бильярд боюнча мелдеш уюштурулду. Мелдешке университеттин ректору К. Кожобеков жетектеген мырзалар жамааты катышышты.

Ош шаарындагы “Классик” бильярд клубунда уюштурулган мелдешке жалпысынан 24 оюнчу катышышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду ОшМунун магистратура департаментинин башчысы И.Кенжаев ээлеп, 7000 сом, 2-орунду Медицина факультетинен А.Боркулов ээлеп 5000 миң сом, 3-орунду Педагогика, психология жана дене тарбия факультетинен Ы. Райымбердиев жана медицина факультетинен Д. Дуйшеевдер ээлешип 3 миң сомдон профсоюз уюму тарабынан акчалай сыйлык, диплом, кубоктор менен сыйланышты.

Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата жыл сайын салтка айланып уюштурулуп келе жаткан мелдешти өткөрүүдөгү негизги максат жамаат ичинде ынтымакты чыңдап, окутуучулардын көңүлдүү эс алуусун уюштуруу, спротту сүйүүгө үндөө, майрамдык маанай тартуулоо болуп саналат.

1955 11:34 24-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|