Haber

Табият таануу жана география факультетинде конок лекциялар уюштурулду

2020-жылдын 14-февралында табият таануу жана география факультетинин «география» жана «туризм» багыттарынын студенттери үчүн конок лекциялары уюштурулду.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин экология, география жана туризм факультетинин деканы, КРнын илимине эмгек сиңирген ишмер, география илимдеринин доктору, профессор Чодураев Т.М. жана ушул эле университеттин география жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын профессору, география илимдеринин доктору Эргешов А.А. чакырылды.

Ошондой эле алар факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана азыркы түзүлгөн материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыгышты. Аталган окумуштуулар өз убагында ушул факультетте эмгектенишип, түштүктө географиялык жогорку билим берүүнүн калыптанышына жана өнүгүшүнө өз салымдарын кошуп кетишкен дейт факультеттин деканы Абдурашит Низамиев.

1846 02:18 24-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|