Haber

ОшМУнун окуучусу Арсен каратэ-до боюнча дүйнө кубогунда жеңишке жетти

Ош мамлекеттик университетинин «Зирек» башталгыч билим берүү борборунун 1-классынын окуучусу Арсен Сапарбаев Москва шаарында өткөн спорттун Каратэ-До Шотокан түрү боюнча дүйнө кубогуна катышып, 2 алтын, 3 күмүш медалдын ээси болду. Ал эми 1-2-февраль күндөрү Бишкек шаарында өткөн Каратэ боюнча республикалык ачык чемпионатта 1-орунду багындырып, алтын медалды жеңип алды.

Учурда ушул жылдын март айында Түркияда өтүүчү чемпионатка даярданып жаткан учуру. Арсенди бүгүн, 1—февралда ОшМУнун административдик кеңешинде жалпы жамааттын атынан ректор Кудайберди Кожобеков куттуктап, окууда, спортто ийгиликтерди каалады жана дайыма колдоо көрсөтүп келе жаткан ата-энесине ыраазычылык билдирди.

Жеңишин кут болсун Арсен! Дайыма жеңишке жетип, Кыргызстандын желегин желбирете бер!

2068 10:48 10-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|