Аталган жыйында мугалимдердин билимин өркүндөтүү институтунун директору Ташболот Жороев презентация жасады. Презентацияда ОшМУнун алдындагы “Билим” лицейи, “Ыйман” гимназиясы, “Кара-Суу”, “Кара-Кулжа”, “Ноокат” гимназиялары, “Зирек” башталгыч билим берүү борбору, “Адис” окуу борбору, ЖОЖдорго даярдоо борборлорунун ийгиликтери, жетишкендиктери, алдыгагы пландары боюнча ойлор айтылып, жетекчиликке жасалып жаткан иштердин сапатын жогорулатуу багытындагы сунуштарын беришти.