Haber

Математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучулары Ташкент шаарындагы ЖОЖдордон тажрыйба алып келишти

Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин 5 окутуучусу 29-31-январь күндөрү аралыгында мобилдүүлүк программасынын алкагында тажрыйба алмашуу максатында Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинде сапарда болуп келишти. Алар математика жана информациялык технологиялар факультетинин деканын окуу иштери боюнча орун басары А.Толктобаев, окутуучулар Абдумиталип уулу Кубат, Бекмурза уулу Ыбадылла, С. Камалов, Д.Атакановдор.

Иш сапардын алкагында делегация аталган университеттин окуу пландары, окуу программалары менен таанышып, сабактарга катышышты.

Ошондой эле иш сапардын жүрүшүндө Ташкент педагогикалык университетинде, Ташкент техникалык университетинде да болушуп, кызматташуу алакалары боюнча сунуштарын айтышты. Өз кезегинде Математика жана информациялык технологиялар факультетинин окутуучулары университеттин эл аралык байланыштар бөлүмүнө, факультеттин жетекчилигине ыраазычылык билдиришти.

2120 09:19 05-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|