Haber

ОшМУнун профессору «Айтматов академиясынын академиги» төш белгиси менен сыйланды

Ош мамлекеттик университетинин педагогика, психология жана дене тарбия факультетинин башталгыч, мектепке чейинки билим берүүнүн педагогика жана психологиясы кафедрасынын профессору Үкүева Бүшарипа Кожояровна «Айтматов академиясынын академиги» болуп шайланды.

Университеттин административдик кеңешинде ректору К.Кожобеков Бүшарипа Кожояровнаны куттуктап, төш белги жана дипломун тапшырды. Ошондой эле жалпы жамааттын атынан чың ден соолук, иштерине чыгармачылык ийгиликтерди каалады.

1834 11:35 04-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|