Haber

ОшМУнун студенттери Россия жана Европанын ЖОЖдорунан академиялык мобилдүүлүктөн өтүшөт

Үстүбүздөгү жылдын 30-январында ректор Кудайберди Кожобекова, эл аралык байланыштар департаментинин директору Абдыганы Абдувалиев Россия жана Европага академиялык мобилдүүлүк программалары боюнча билим алууга аттанып жаткан студенттер менен жолугушту.

Жолугушууда ар бири менен жакындан баарлашып, окуу мезгилинде ар бири өзү үчүн жоопкерчилик алып, жакшы билим алып, жакшы жүрүп, тажрыйба, билим топтоп келүүлөрүн белгилешти. Өз кезегинде студенттер университеттин жетекчилигине, жамаатка ыраазычылыктарын айтышты.

2019-2020-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгында Россиянын Новгород мамлекеттик университетине-3 студент,
Воронеж мамлекеттик университетине-3 студент,
Петрозавод мамлекеттик университетине – 2 студент окууга аттанышты.

Эразмус+ программасы уюштурган конкурстун жыйынтыгында Испаниянын Кадис университетине 4 студент, Түркиянын Жумхурият университетине 1 студент өтүп, окууга жөнөп кетишти.

1833 11:35 03-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|