Haber

Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясынан тажрыйба алуу сапары

Индустриалдык-педагогикалык колледжинин орто кесиптик билим берүүдөгү тилдер кафедрасынын башчысы, доцент Б.Байтикова жана кафедранын окутуучусу А.Кулушева Баткен облусунун Лейлек районунун №3 эксперименталдык мектеп-гимназиясына тажрыйба алмашуу максатында 3 күнгө иш сапарга барышты. Окутуучулар ал мектеп гимназиядан белгилүү педагог, п.и.к., КРдин билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер Гапыр Мадаминовдун иш-тажрыйбасы менен таанышып келишти. Максаты, бүгүнкү күндөгү окутуу систтемасы, жаштарга билим берүүнүн жолдору, ата-энелер менен иштөөнүн ыкмалары менен таанышып келүү.

Доцент Б.Байтикова бул мектеп райондук, облустук, республикалык олимпиадаларда алдыңкы орундарды алгандыгын жана көптөгөн бүтүрүүчү окуучулардын чет өлкөлөрдүн престиждүү окуу жайларына тапшырып окуп жаткандыгын, ошондой эле эң көп студент бюджеттик орундарга окууга өткөнүн баса белгиледи. Ал өз сөзүндө: “Биз бүгүн жаңычыл ыкмаларды колдонуп эле жаштарыбыздын билимин толуктабай, жөн гана чек арада иштеп, мыкты адамдык сапаты бар, билим көрөңгөсү бийик, тилдерди эң жакшы өздөштүргөн балдарды тарбиялап жаткан педагог Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасын жайылтышыбыз керек. Ал жерде окуучу акыл эмгегинин маданиятын толук пайдаланып, ой жүгүртүүсүн өстүрүү менен мыкты инсан болууга тарбияланат экен. Алардын китеп окугандарын, окуганын анализдеп, жеткиликтүү талдай алганын көрүп таң калдым. Окуучулардын бири-бирине билим берүүсү, сөздүктөр менен иштөөсү, кайсы гана предмет болбосун жогорку деңгээлде өздөштүүүсү – бүгүнкү күндүн талабы да. Агайдын “Энелер мектеби” циклынын үзгүлтүккө учурабай, баланы тарбиялоодо эненин зор ролу бар экендигин далилдеген бул мектеп республикадагы алдыңкы мектептердин катарына чыккандыгы бекер эмес экен. Агай ата-энелерди миграциядан, үй-бүлөлүк ар кандай конфликттерден сактап, негизги инвестицияны балага салып жатканына күбө болдук. Өз чөнтөгүнөн мыкты окуган, бирок финансылык жардамга муктаж студент-жаштарга 400 миңге жакын каржы сарптап, алардын окуусуна шарт түздү. Ал каржылар көбүнчө жол акысына, алыста муктаж болгондорго өз учурунда жардам болду. Бүгүнкү күндө окуучулар республиканын ар кайсы жеринде эң мыкты башкаруучулар, дарыгерлер, экономисттер, мугалимдер жана башка эл кызматындагы кесиптерде экен. Бул агайдын элге кылган эң чоң кызматы эмеспи... Биз агайдын тажрыйбасын колубуздан келишинче алууга аракет кылдык, аны эми өзүбүздүн иш-аракетибизде колдонууга аракет кылабыз”, - дейт.

Бүгүнкү күндө Гапыр Мадаминовдун тажрыйбасын бир гана Кыргызстан эмес, башка мамлекеттер да колдоого алып жаткан учуру, андыктан мындай мугалимдердин баланы тарбиялоо, окутуу жаатындагы эмгегин, тажрыйбасын эске алып, биз да келечек муундардын өсүүсүнө шарт түзүшүбүз – учурдун зарылчылыгы.

1720 10:58 03-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|