Haber

ОшМУнун окутуучулары Малайя университетинде иш сапарда

Ош мамлекеттик университети менен Малайя университетинин (Малайзия) ортосундагы түзүлгөн кызматташтык меморандумдун негизинде 2020-жылдын 26-январынан 2-февралга чейин «Social Wellbeing Research Center» илимий изилдөө борборуна тажрыйба алмашуу максатында ОшМУнун социалдык-гуманитардык дисциплиналар кафедрасынын окутуучулары Б. Адылбекова, А. Кенжебайова жана Д. Салиевалар иш сапарында жүрүшөт.

Иш сапардын алкагында Малайя медицина факультетинде өткөн “ Rethinking Drug Policy in Malaysia with Global Commission on Drug Policy, at IPPP walking distant” аталышындагы конференцияга катышышты. Конференцияда окутуучулар А. Кенжебайова жана Б. Адылбекова Кыргызстан жөнүндө доклад окушуп, андан соң университеттин чет тилдер факультети менен жакындан таанышышты.

1765 09:52 03-02-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|