Haber

Орус филологиясында “Кышкы лагер” уюштурулду

Орус филологиясы факультети кышкы эс алуу мезгилинде мектеп окуучулары үчүн “Кышкы лагерлерди” уюштурушту.

Негизги максаты стейкхолдерлер менен тыгыз байланышта болуу, кесипке багыт берүү иштерин жүргүзүү болуп саналат.

Факультеттин алты кафедрасы деканат тарабынан түзүлгөн график боюнча мектеп окуучулары үчү мастер класстарды, предметтик тестирлөөлөрдү, викторина оюн-зоокторун, интерактивдүү конкурстарды уюштурушкандыгын белгилешти. .

Кышкы лагерге Ош шаарындагы № 27, №22, №38, № 39 Султанов, Нариманов, Макаренко, Ломоносов, Сыдык Алайчы, К.Алтыбаев, Н.Примбердиев, Билим лицейинин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары активдүү катышышкан.

Уюштуруучулар тарабынан окуучулар ар кандай белектер, факультеттин граммотасы менен сыйланышты.

Мындай иш чаралар кесипке багыт берүү иштеринин алкагында өтүп, окуучулардын келечекте кесип тандоосуна салым кошоруна ишенебиз.

1936 11:55 27-01-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|