Аталган иш чаранын ачылуу салтанатына ОшМУнун орто кесиптик билим берүү жана кесипке багыттоо иштери боюнча проректору Тажимамат Эркебаев, Кесиптик кошундун төрагасы Абдыжапар Аккуловдор сөз сүйлөп, мелдеш жамааттын ден соолугун чыңдоо, биримдикти, достукту бекемдөө максатында уюштурулуп жаткандыктарын белгилешти.
Аталган спорттук мелдеште волейбол, стол тенниси, шахмат, тогуз коргоол, баскетбол, мини футбол оюндары боюнча агайлар, эжекелер командасы күч сынашуулар башталды.