Haber

ОшМУда квалификацияны жогорулатуу курстары жана тренинг-семинарлар уюштурулууда

Ош мамлекеттик университетинде январь айында студенттер эс алып жаткан учурда профессордук-окутуучулук курам үчүн квалификациясын жогорулатуу курстарынын жана тренинг-семинарлар уюштурулууда.

Педагогикалык эмес адистиктеги окутуучулар үчүн “Кесиптик педагогиканын жана психологиянын негиздери” курсу, ОшМУнун Дипломдон кийинки медициналык билим берүү факультетинин окутуучулары үчүн “Кесиптик педагогиканын жана психологиянын негиздери” курсу, каалоочулар үчүн “Кесиптик билим берүүдө компетенттүүлүк мамилеге ылайык окуу-методикалык документтерди иштеп чыгуу жана технологияларды пайдалануу”, ОшМУнун Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ыйман, Билим, Ноокат мектебинин мугалимдери үчүн “Мектептик билим берүү стандарты, предметтик стандарттарды окуу процессине киргизүү. Стандарттарды ишке ашыруучу сабактардын технологиялары”, ОшМУнун мектеп мугалимдери үчүн “Мектеп мугалимдерин ЖРТнын (жалпы республикалык тестирлөө) талаптары боюнча сабактарды жүргүзүүгө даярдоо, тесттин түрлөрү”, ОшМУнун колледждери, мектеп мугалимдери үчүн “Мектептик билим берүү стандарты, предметтик стандартардын негизинде ОМК түзүү жолдору”, каалоочулар үчүн “Сынчыл ойломду өстүрүү үчүн окуу жана жазуу”, “Кыргыз Республикасынын Мектептик билим берүү стандарты жана анын негизинде ОМК түзүү жолдору. Мектептик билим берүү стандарттары. Күтүлүүчү натыйжага жетүүчү технологиялардын негиздери”, “Экинчи тилди коммуникативдик негизде окутуу”, “Предметти жана тилди интеграциялап окутуу негиздери (CLIL)», факультет, колледждердеги декандын орун басарлар, кафедра башчылар, практика жетекчилер “Педагогикалык эмес адистиктер үчүн практикаларды уюштуруу боюнча №24 БЮЛЛЕТЕНГЕ өзгөртүүлөрдү киргизүү”, дистанттык билим берүүдөгү окутуучулар жана каалоочулар үчүн “Аралыктан окутуунун моделдери”, “Moodle –ачык билим берүү программасы”, аспиранттар, изденүүчүлөр “Илимий-изилдөө иштерине киришүү” тренинг-семинары, Тил курстары (англис, орус, кытай, япон, немец, турк, араб тилдери), “Психология жана педогогика” курсу, Компьютердик сабаттуулук, “Разработка тестовых заданий множественного выбора. Основы психометрики” аттуу семинар-тренингдери өтүп жатат.

Семинарлардын жадыбалын төмөнкү шилтемеден көрсөңүздөр болот:

2113 11:13 17-01-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|