Haber

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков: “Эң негизгиси студенттер ыраазы болсун, калган мүмкүнчүлүктү биз түзүп беребиз”

ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков, ОшМУнун административдик-чарба департаментинин директору Алтынбек Зайнидинов жана ОшМУнун медицина факультетинин деканы Алимбек Исмаилов Ош шаарындагы ооруканаларда жайгашкан ОшМУнун кафедраларынын абалы менен жакындан таанышышты.

Жолугушууларда кафедрадагы түзүлгөн шарттар боюнча маселелер каралып, чечүү үчүн жеринде тапшырмалар берилди. Өз сөзүндө ректор мындан ары да ОшМУнун кафедралары жайгашкан Ош шаарындагы ооруканалардын имараттары оңдоп-түзөөдөн өтүп, окуу-усулдук лабороториялар курулуп, окуу кааналары заманбап жабдыктар менен жабдылып, студенттер үчүн максималдуу шарттар түзүлөөрүн бышыктады.

Ошону менен бирге Ош шаардык жана Ош облустук ооруканалардын жетекчилери менен жолугуп, кадрларды даярдоо, иш берүүчүлөр менен тыгыз байланышта болуу, учурдагы эң оорчунду көйгөйлөрдүн чечүү жолдору каралып, эки тараптуу жакындан кызматашуу боюнча пикир алышты.

Эскерте кетсек, ОшМУнун медицина факультетинин клиникалык кафедралары Ош шаарындагы ооруканалардын имараттарында жайгашып, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө.

1800 09:37 17-01-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|