Haber

Мухамбеталинин тилеги, ректордун белеги

Боорукердик» үй интернатынын тарбиялануучусу Мухамбетали Хамрабаев “Ош шамы” гезити аркылуу ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековго кат жолдогон. Катта “Кудайберди агай саламатсызбы, мен 16 жаштамын. Мен сиздин университеттин жетекчиси экендигиңизди билем жана мен дагы келечекте унивеситетте окугум келет. Сиз менен таанышкым келет” деп жазылган эле.

13-январда Мухамбеталини окуу жай жетекчиси кабыл алып, ал-акыбалын сурап баарлашты. Ошондой эле анын музыкага болгон кызыгуусун сураштырып уккандыгын белгилеп өттү. Анын келечекте жакшы билим алып, өзү кызыккан кесиптин мыкты адиси болуусун каалады жана Мухаметалиге музыка угуп, ырдоого мүмкүнчүлүк бере турган караоке коштолгон музыкалык аппарат тартуулады. “Бул сенин кызыгууна дем берсин, түрткү болсун. Кийинки жолугушканда ушуп аппарат менен жакшы көргөн ырыңды ырдап беришиңе тилектешмин. Ден соолугуң бекем болсун”, -деди Кудайберди Кожобеков.

Жетектеп алып келген аталган үй интернатынын социалдык кызматкери Осмонали кызы Нураида жана Мухамбетали ыраазычылыктарын билдиришти.

1847 09:28 17-01-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|