Haber

ОШМУНУН СТУДЕНТИ КАРАБАЙ КЫЗЫ БУРМАКАН: “ГЕРМАНИЯ – ҮМҮТТҮН ЖАНА МАКСАТТАРДЫН ӨЛКӨСҮ”

Учурда Германияда экономикалык өсүүсү вертикалык абалда өнүгүп, жумушсуздукту эң төмөнкү чегине түшүрдү, бүгүнкү күндө өлкөнү эмгек мигранттарысыз элестетүүгө болбойт. Кошумча жумуш күчү ар бир тармакта күн тартибинде биринчи орунга чыкты. Фирмалар, жеке бизнестер чет элдик жумушчуларды тартууну приоритет катары карашат.

Нюренбергдеги эмгек боюнча федералдык агенттиктин 2020-жылдын 3-январындагы билдирүүсү боюнча Германия Федеративдүү Республикасында 2,385 млн жумушсуздук катталып, жалпы эмгекке жарамдуу бөлүгү калктын 5,3 % гана түзөөрүн билдирген. Бул жумушсуздук, бош орундар, экономиканын өнүгүүсүн жайлатууда деп белгилейт. Федералдык эмгек агенттигинин жетекчиси Детлеф Шеленин 2018-жылы 2-январдагы пресс-конференциясында берген маалыматында: «Немис экономикасы 2019-жылы 600 миң жумуш ордун түзөт» - деп айткан. Жаңы жумуш орундарынын бир бөлүгүн жаштар, окуу жайлардын студенттери толуктайт.

Эксперттер бир добуштан немис эмгек базарын сырттан келген жумушчу мигранттар толуктап турарын айтышат. Буга чейин көптөгөн жылдар бою Германия Федеративдик Республикасы Евро биримдикке кирген өлкөлөрдөн жумушчуларды тартышкан эле. Себеби, аларга эч кандай өзгөчө уруксат күбөлүгү керектелчү эмес. Алар немистердей эле укуктарга ээ болчу. Бирок, бул аракет көп өтпөй аласыздап, жумушчулар кайрадан өз өлкөлөрүнө тартыла баштаган. Ушундан улам, федеративдик эмгек агенттигинин башчысы Детлеф Шеле: “Ачык эле айтып коёюн, үчүнчү өлкөлөрдөн жумушчу тартмайын, жакынкы жылдарды өткөрүү кыйын» деген. Үчүнчү өлкө дегени: Индия, Оруссия, Украина, Кыргызстан өңдүү өлкөлөр эле. Германияга транспорт, металл иштетүү, курулуш иштери, кары-картаңдарды кароо, соода-сатык жана дыйканчылык тармактарына жумушчулар керек болчу. Кёльндогу немис экономика иликтөөсүнүн жыйынтыгы боюнча, жумушчулардын жетишсиздиги Германиянын Берлинде, Мюнхенде, Кёльнде сыяктуу бир катар шаарларында айрыкча жумушсуздук байкалган. Негизинен Германия федерациясынын экономикасына, айыл чарбасына кайрылсак, бул мамлекет Батыштын «чоң жети» мамлекеттеринин бири. Ал Европанын гана эмес, дүйнөлүк экономикада маанилүү ролду ойнойт. Германия эски шаар, маданияттын өлкөсү. Көптөгөн шаарлары өзүнүн чыгарган белгилүү буюмдары менен таанымал. Алсак, Зелинген металлдан, Йена оптика-механикалык буюмдарды жасоонун борборлору. Көптөгөн Гейдельберг сыяктуу атактуу университеттери, Гётенин атына байланышкан музейлери, Кёльн, Франкфрут-на-Мейне өңдүү чоң шаарлары менен белгилүү. Дүйнөдөгү 50 ири өнөр жайдын жетөөсү Германияга таандык. ГФРнын айыл чарбасы эң жогорку денгээлде механикалаштырылган. Ошого жараша талаачылыктын жана жашылча-жемиштин түшүмдүүлүгү менен айырмаланат. Бул багытта жумушчу күчү жетишпей, чет элдик жумушчуларды тартууга аргасыз болушат.

Бул багытта Кыргызстанда акыркы жылдары ири иш-аракеттер жүргүзүлүп, студенттер арасында чет өлкөгө чыгып иштеп келүү, айрыкча Германия, Түркияга барып иштөө тренд болуп калды. Иштеп келүү менен саякаттап, капчык толтуруп келишүүдө. Бул жаатта “Inter work exchange”, “Be free”, “Bi Travel”, “Olimp kg Travel”, “Job cold Time”, “World travel and work”, “Zain.kg”, “Европа Тревел”, “Байсад”, “Интер Джоб”, “Азия плюс” өңдүү бир нече бизнес-компаниялар иштешет, жогорку окуу жайлардын студенттерин чет өлкөгө барып иштөөгө чакырышат. Анын ичинен 2018-2019-жылы студенттерди чет өлкөгө тагыраагы Германияга жумушка эң көп жөнөткөн компаниялардын бири «Inter Work Exchange» компаниясы болду. Кыргызстандын студенттери менен айрыкча Ош шаарындагы студенттер менен тыгыз иштешүүдө.

Кыргызстанда элүүдөн ашык бир нече жогорку окуу жайлары бар. Алардын арасынан креативдүү билим берүүчү ЖОЖ катары Ош мамлекеттик университети таанымал. ОшМУнун студенттеринин чет өлкөгө барып иштеп келгендеринин көпчүлүгү Германияга барышат. Биздин окуу жайдын медицина, бизнес жана менеджмент, чыгыш таануу жана тарых, юридика, орус филологиясы, кыргыз филологиясы жана журналистика, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин студенттери барышкандыгын «iwex» компаниясынын маалыматына таянуу менен айтууга болот. Университеттен барып иштеп келген студенттердин саны 2018-2019-жылы 300гө жакын болгон. Атайын иликтөөлөр боюнча жыл сайын Кыргызстандан 1500гө жакын студент барып иштеп келгендигин маалымдашкан. Негизинен, жайкы жумушка баруунун эки түрү бар: биринчиси тил билип баруу, ал эми экинчиси тил билбей баруу.

Маалыматка ылайык, студенттердин көпчүлүгү тил билишпегендиктен экинчи түрү менен барышат. Ал эми бизде болсо, аталган факультеттердин көпчүлүгүндө англис тили, кээ бир факультеттерде кошумча немис тили үйрөтүлгөндүктөн, көбүнчө ушул факультеттердин студенттери барышат. Бирок, анын ичинде англис жана немис тили окутулбаган факультеттерден да студенттер барышууда. Мисалы, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинен барып келген студенттердин катарында мен да бармын. Негизи, ал жакка баруу үчүн төмөндөгүдөй критерийлер талап кылынат:

1. Студент болуу;

2. Күндүзгү окуу бөлүмундө окуу;

3. 1-2-3-курстун студенттерине гана мүмкүнчүлүк бар.

Айлык маяна саатына 9 евро. Тапканың аракетине жараша болот. Биз билген Германия бул атактуу “Мерседес”, “БМВ”, “Адидас” маркалары чыккан жомоктогудай жапыз, окшош салынган үйлөрдүн ордосу. Ал эми биз билбеген тарабычы?

Башкаруу формасы жагынан ГФР эки палаталуу (бундестаг жана бундесрат) парламенти бар, парламенттик республика. Европада калкынын саны боюнча эң чоң мамлекет. Калкынын жайгашуусу боюнча ГФР өтө жыштыгы менен мүнөздөлөт (1км² жерге 230 киши). Өндүрүштүн өлчөмү боюнча дүйнөдө АКШ, Кытай, Япониядан кийинки төртүнчү орунда турат. Эң маанилүүсү финансы банктык тейлөө иштери. Дүйнөдөгү эң ири 50 банктын сегизи Германияга таандык (алардын эң чоңу «Дойчебанк»).

Мындай денгээлине ар ким ар кандай баа беришип келишет. Көпчүлүгү бул ийгиликтин өзөгү экономикасы деп эсептешет. Ал эми менин жеке баамымда немис элинин убакытты сыйлоо, жоопкерчилик, дилгирлик жана эң негизгиси күжүрмөндүк сапаты бүгүнкү бийиктиктерге жеткирди деп ойлойм.

Ал эми элдерин карасаң келечекке умтулуулары канчалык таза, ишенимдүү жана күч-кубаттуу. Мына ошол Германиядагы күндөрүмдөн айтсам, бул убакта менин айылымда эч ким чет элге Европага чыгып көрбөгөндүктөн ата-энемде бүдөмүк коркуу сезими болуп, жибергиси келбеди. Деги эле анда Германияга барып келүү Меккеге барып келгендей эле кабылданчу. Убакыт, ден соолук, жаштык, куч-кубат сыяктуу Кудайдын ырыскылары болуп турганда алыскы Германияга барууну кааладым. Алтынды, күмүштү бүгүн сактап коюп, эртеси пайдалансаң болот. Бирок, убакытты анте албайт экенсиң, бир кетсе кайра келбейт. Учуру келип турганын билип, анын үстүнө студенттик күндөр да өмүрүңдө бир гана жолу келет эмеспи, жумуштун талабында да студент болуу керек дегенинен улам, колго түшкөн коёнду, коё берсе оңобу дегенсип, эки көзүм төрт болду. Студентмин, болгондо да ордендүү ОшМУнун студентимин.Ар кимге эле мындай бакыт туш келбесе керек, себеби ОшМУ - жаңы доорго, жаңы баскычка көтөрүлүп чоң секирик жасаган Кыргызстандагы алдыңкы университет. Окуу жайыбыздын тарыхында 13-ректор болуп шайланган профессор Исаков Каныбек Абдубаситович жетекчи-интегратор, ректор-новатор, ректор-куруучу катары иштеп, университетти таптакыр жаңы атмосфера, фундаменталдык, сапаттык өзгөрүүлөргө багыттап, Борбор Азиядагы мыкты университеттердин катарына кошту. ОшМУ - бизге билим гана бербестен, аруу тилектерибизди, таттуу кыялдарыбызды чындыкка айландырууга жардам берди. Канат күүлөп талпынган жаштарды ректорубуз дайыма колдоп “Студенттер силер болбосоңор агай-эжейлер кимге сабак бермек да, мен кимге ректор болмокмун» - деп, студенттерге сүйүү менен мамиле кылат. Дегеним, келечекке кошуп, анын ээлерин да сүйөт. Сүйүүгө сугарылган студенттер да кайда барбасын, ОшМУнун студенти катары адамгерчилиги менен өзгөгө өрнөк болуп келет.

Көп өтпөй жайкы каникулда Германияга жумуштап бардым. Ал жакта бизден убакыт 4-5 саат артта экен. Ош-Москва-Дюссельдорф багыты менен бир сутка учтук. Бир агайымдан бирде уктум эле. “Кыргыз менен немис окшош эл” деп. Чындыгында, биздегидей климат, биздегидей жашылча-жемиштер, бак дарактар бар экен. Түнү да башкача, саат 10-11де араң кеч кирип, айлана караңгыланат. Ошондуктан, “белый ночь» деп коюшат экен. Күндүн узактыгынанбы, айтор немистердин бир да көчөдө чогулуп, өткөн кеткенин сүйлөшүп, убакытын текке кетирген бир да адамын көрбөйсүң. Жеке фермадагы жумушчу башкармасынын офиси өзү жашаган үйүнун биринчи кабатында жайгашып, качан карасаң иштеп жатышканын көрөсүң. Эли меймандос, кичипейил жана биз ойлогондой убакытка жана убадага так калк экен. Ал жакта мыйзам күчтүү иштегендиктен, эли да ошого калыптанышып, өздөрүн да ошондой алып жүрүшөт. Автобуста, электричкада, самолётто да китеп, гезит окуп баратышканын көрөсүң. Баары кайдадыр шашып, жарашыктуу кийинишип, сыпайы жылмайышат. Алар менен тилибиз болбосо да, дилибиз менен сүйлөшүп жаттык. Бүткүл адамзат кайда болбосун, ким болбосун баарибир бири-бирин адамдык инстинг менен түшүнөт тура. Убакытка абдан так келишет. Жумуш саатыбыз сегиз саат болсо, мүнөт секундуна чейин тактап, маянаны да кечиктирбей берет. Немис элинин башкалардан өзгөчө касиети ар бир адам өз ордун, милдетин жана тапшырмаларын мыкты билет. Кичүүсү улуусун, тажрыйбасы азыраагы тажрыйбасы көбүрөөгүн, кызмат орду төмөнүрөөгү, бийигирээгинин сөзүн эки кылбай аткаргандыгында. Даражасы теңдер деле бири-биринин сөзүн жерге таштабайт. Эмнени өтүнсөң, убактысы аздыгына карабай аткарууга аракет жасашат. Бир жолу башчыбыз кыргыз кыздарын, жалпы жумушчу топту чакырып “Жумуштан келгенде чарчооңорду кандырып, эс алып жыргашыңарга кандай шарт түзүп берели?” - деп сурашты. Баарыбыз келишип, волейбол ойноочу аянтча жана бассейн болсо жакшы болмок десек, эртеси эрте менен даярдап, жасап коюшуптур. Ошондо таң калып, накта айтканын аткарган, аткарбаса айтпаган калк экенине ынанганбыз. Анан да жылуу учурашкандары тим эле сонун, соода кылганы бирде соода түйүндөрүнө барсам, эшиктен киргенде эле баары «Cuten tag!» дешип, тосуп алышат. Чыгып баратсам да коштошуп кеткен адамды кайра кайтып келүүгө үндөйт. Бул да болсо алардын кичипейилдиги эмеспи.

Алыста иштеп жатып мекенибизди сагынганыбызды айтпа. Өзүңдү зордуктасаң да көөдөнүңдү, көнүлдү зордуктай албайт экенсиң, канчалык өзүбүздү колго алсак да, кусалык ичибизди оюп турду. Бардык кыргыз кыздары бир тууган болуп, бир максат, бир тилек, бир багыт, бир жолдо аракеттенип иштедик. Алыста жүргөнүңдө туулуп өскөн айылың, өсүп-өнгөн жериң, айрыкча алты эмес алтымыш атабыз жашап өткөн, басып өткөн кагылайын Ала-Тоо эсиңе түшөт, түшүңө кирет. Кыргызстандагы бизди жумушка жөнөткөн компаниянын башчысы биз менен жолукканы экинчи айдын аягында, июль айында атайын Германияга барыптыр. Агабызды көрүп апабызды көргөндөй кубандык. Жетекчибиз, атайын олтуруш куруп, даам үстөл даярдады. Баарыбыз жумуштан кийин, чогуу тамактанууга, жетекчибиз менен баарлашканга бир олтурдук. Бир кезде учурдун мыкты ырчысы, Омардын «Кыргызстаным» деген ырын койду эле, баарыбыз сагынып калгандыктанбы, бири-бирибизди кучактап, тээ мекенибизди, ата-энебизди, досторубузду сагынып ыйлап кирдик. Музыка бүткөнчө ыйлап, женилдеп алдык. Көрсө бекеринен “мекендештер аман-эсен мекенибизге кайткыла” - дегенде ыйлашпайт экенда…

Жумуш менен бирге саякаттап жаттык. Германиянын бир топ шаарларын көрүп, бардык адамдын кыялы болгон Францияга барып, Ейфел мунарасын да көрүүгө жетиштик. Эйфел мунарасы укмуш экен го... Айланасында жолго батпай майрамда жүргөндөй, бийиктигине суктанып көзү тойбой дуулдап эл көп. Сериалдан же кинолордон көрүп жүргөн Ейфел, Францияда жүргөнүбүзгө дале ишене албай, кубанычыбызга чек жок, кыялдар ар дайым орундаларына ынанып, Жаратканга шүгүр келтирип жаттык. Эки кабаттуу автобустун терезелеринен нары сүрдүү, нары окшош имараттарды карап, ээ-жаа бербей күрүлдөп агып жаткан дайрадай, оң-солго агып жаткан эл.

Жумуштап жүрүп чет элден бир топ досторду таптым. Бул элдин калкында 2 млн түрктөр, 620 миң италиялыктар, 360 миң поляктар, 135 миң португалдар жана 113 миң америкалыктар болгондуктан, биз менен катар румыниялык, польшалык, украиналык студенттер да иштешти. Өкүнүчтүүсү, бул өлкөнун калкы биз тууралуу, кыргыз эли тууралуу маалыматы жок экен. Ошого карабай, өз элибизди, кыргыз деген калк жашарын, улуттук сыймыктарыбызды аз да болсо көрүшкөндө, коштошкондо колдонулуучу сөздөрдү жаттатып, биздин эл менен тааныштырууга аркеттендик. Германияда 75 күн болуп, орто эсеп менен 2000-3000 евро таап кайрадан өлкөбүзгө аман-эсен кайттык. Германияда жүрүп өз алдымча болууга, өз багытымды, өз конушумду табууга үйрөндүм. Муну менен бирге жер көрүп саякаттоо, достошуу, акча табуу, мекенди сагынуу, ата-эненин кадырын билүү жана эң негизгиси өзүмдүн сабырымды, күчүмдү жана дареметимди биле алдым.

Кантсе да, ар дайым аракеттин жана жакшы ниеттин артында жакшы күндөр келерине ишендим, дагы да ишене берем. Германиядан иштеп келген студент досторумдун көпчүлүгү бешене тери менен тапкандарын үй-бүлөсүнө, бир туугандарына арнаса, кээ бирлери кичи бизнес ачышып акчаларын туура багытка коротушканын айтышты. Мен да алар сыяктуу үй-бүлөмө жумшадым. Германия - зор турмуштун тизгин керген тулпарына мингизбесе да, ошол кайсыл буту менен, кайсы үзөңгүнү тебишим керек экенин түшүндүрүп, бул узак сапарда кыйла көзүмдү ачып койду. Эл көрүп, алыс жердин тузун татып калган жаным бул жылы да Германияга барсам деп көксөп турам. Жараткан кыялданганга үмүттү, ишенгенге кереметти берет жана өзү менен баратканды эч качан калтырбайт!

КАРАБАЙ КЫЗЫ БУРМАКАН ,

ОшМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика

факультетинин 3-курсунун студенти
2077 21:50 08-01-2020

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|