Haber

ОшМУнун 3 студенти Президенттик стипендиянын ээси болушту

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 27-декабрда 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине президенттик стипендия тапшырды.

Быйылкы жылы окуудагы эң мыкты жетишкендиктери, илимий багыттагы ишмердүүлүгү, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы үчүн Ош мамлекеттик университетинин математика жана информациялык технологиялар факультетинин4-курсунун студенти Азизилла уулу Эгемжар , кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 4-курсунун студенти Асылбек кызы Мадина, дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин 4-курсунун студенти Даниярова Сайкал Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына жана Ардак грамотасына ээ болду.

Маалыматка ылайык Президенттик стипендия өлкөнүн жогорку окуу жайларынын мыкты студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги жетишкендиктери үчүн жыл сайын тапшырылып келет. Быйыл жарыяланган конкурстун натыйжасында республика боюнча 31 ЖОЖдун 74 студенти президенттик стипендияга татыктуу болду. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана академиялык бир жылга (10 айга) 50 000 сом өлчөмүндө чегерилген стипендия тапшырылат.

1834 00:01 29-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|