Haber

ОшМУнун Окумуштуулар Кеңешинде «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында университетте аткарылган иш-чаралар жөнүндө» маселе каралды

Ош мамлекеттик университетинин Окумуштуулар Кеңешинин 23-декабрда өткөн №5 жыйынында «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында университетте аткарылган иш-чаралар жөнүндө» маселе каралды.

ОшМУнун 2018-2019-жылдар үчүн илимий ишмердүүлүгүнүн иш-планында “Аймактарды өнүктүрүү”, “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылына карата иш-чараларды өткөрүү маселелери киргизилген.

2018-жылы “Аймактарды өнүктүрүү”, 2018-жылы “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү” жылдарынын алкагында факультеттерде, коллеждерде, университетте тегерек столдор, конок лекциялар, илим жумалыктары, илимий семинарлар, конференциялар көргөзмөлөр, концерттик кечелер ж.б. иш-чаралар өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын айрымдарына токтололу:

Аймактарды өнүктүрүү маселелери боюнча өткөрүлгөн иш-чаралар

 27-апрель, 2018-жыл, Бизнес жана менеджмент факультети, “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду тарабынан өткөрүлгөн “Азыркы шартта Кыргызстандын аймактарын туруктуу өнүктүрүүнүн факторлору” аттуу аймактык студенттик илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.

 15-16-май, 2018-жыл, ОшМУ, АММУ, РИА, КУИА тарабынан өткөзүлгөн “Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү жылына арналган “Эпидемиология, патогенез и саногенез заболеваний в измененных климатогеографичеких условиях Ферганской долины и Тянь-Шаня-Памира” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлгөн.

 2018-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде Илим жана аспирантура бөлүмү тарабынан өткөрүлгөн “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу V аймактык студенттик илимий конференцияда “Кыргызстандын аймактарынын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрү” деген темалардагы секцияда 20дан ашуун баяндамалар угулган.

Ошону менен бирге, факультеттерде, коллеждерде март-май айларында илим жумалыктарында түрдүү иш-аракеттер өткөрүлгөн.

Ош мамлекеттик университети санариптештирүүнүн “Түндүк” системасына кошулуу боюнча №35 келишимдин негизинде 2019-жылдын 2-сентябрында Кыргызстандагы окуу жайлардын арасынан биринчилерден болуп макулдашууга кол коюлган.

Жогоруда айтылган жана башка маселелер боюнча Окумуштуулар Кеңешинде айтылган ойлор төмөндө тиркелет.

1952 08:23 26-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|