Haber

ОшМУда эмгектенген окутуучу, кызматкерлердин балдарына «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду

ОшМУда профсоюз комитети тарабынан бөбөктөргө арналган «Жаңы жылдык балаты» кечеси уюштурулду.

Жаңы жылдык балатыга университетте эмгектенген окутуучулардын, кызматкерлердин 12 жашка чейинки 300гө жакын балдары катышышты. Майрамдык кечени ОшМУнун сырттан жана дистанттык окутуу боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, профсоюз комитетинин төрагасы Абдыжапар Аккулов ачып жаңы жылдык куттуктоо сөздөрүн айтышып, балдарга кең келечек, бактылуу балалык каалашты.

Кечени жомок каармандары коштоп, искусство факультетинин таланттуу студент ырчы-бийчи студенттери ыр ырдап, бийлеп, бөбөктөргө жагымдуу маанай тартуулашты, ошондой эле балдар үчүн кызыктуу оюндар уюштурулду. Бөбөктөрдү кубандырган кеченин негизги каарманы болгон аяз ата, аяз кыз келип, балдардын майрамдык ыр-бийлерине күбө болуп, ар бир балага уюштуруучулар тарабынан өзгөчө белектерди тапшырды.

Белгилей кетсек, мындай иш чара профсоюз комитети тарабынан жыл сайын уюштурулуп келет, концерттик программа профсоюз комитетинин маданий-массалык иштери боюнча комиссиясынын төрайымы Фарида Мангиева тарабынан даярдалды.

1823 09:15 25-12-2019

                 

Haber

|< 1 2 3 4 5 >|